Кыргызстандын сегиз ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилди

12.02.2026 | 11:35

Ушул жылдын 12-февралынан тартып Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы Кыргызстандын сегиз ишканасын Кытайга продукция экспорттоого укугу бар мекемелердин тизмесине киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Кытай базарына продукция жеткирүү укугун алган ишканалар:

  • «Ат Башы Трейд» ЖЧКсы;
  • «Алия» ЖЧКсы;
  • «Гермес Ко ЛТД» ЖЧКсы;
  • «Жол-Аман» ЖЧКсы;
  • «Таалай Групп» ЖЧКсы;
  • «Wool KG» ЖЧКсы;
  • «Опэн Трейд» ЖЧКсы;
  • «Торугарт Трейд» ЖЧКсы.

Аталган ишканалар ири мүйүздүү малдын терисин жана майда мүйүздүү малдын жүнүн кайра иштетүү багытында иш алып барышат. Бул чечим ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук жеткирүүлөрдү кеңейтүүгө жана эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Министрликке караштуу Ветеринария кызматы Кытай базарына чыга турган ишканалардын тизмесин жана экспорттолуучу продукциянын түрлөрүн кеңейтүү боюнча иштерди улантары айтылды.

Scroll to Top