Кыргызстандын тышкы карызы – Чындык жана чочулоо. Кантип кутулабыз?

Кыргызстандын тышкы карызы – Чындык жана чочулоо. Кантип кутулабыз?

Кыргызстандын тышкы  карызы акыркы жылдары коомчулуктун көңүл борборунда турган эң негизги көйгөйлөрдүн бири. Интернет желесинде “карыздар өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратат”, “Кытай карызды төлөбөсөк жерибизди тартып алат” деген өңдүү ар кандай имиштер байма-бай айтылып келет. Албетте, муну уккан карапайым калкта чоочулоолор болбой койбойт. А бирок биз издеген чындык кандай? Карыздан кантип кутулабыз? «Репортер кж» бул ирет тышкы карыз маселесине кайрылып, бул багытта анализ көрүүнү эп көрдү.

 

Өлкөнүн тышкы карызы азыр канча?Карапайым калкта чоочулоо болгону менен бирок, чыныгы экономикалык көрсөткүчтөр жана ачык-айкын көрсөтүлүп келаткан фактылар бул маселени анчалык деле коркунучтуу эмес кылып көрсөтөт. Буга чейинки маалыматтарга ылайык, Кыргыстандын тышкы карызы 8.8 млрд сомго азайып, ички карызы 8.5 млрд сомго көбөйдү. Муну Финансы министрлигинин статистикасы тастыктайт. Ага ылайык, 2025-жылдын март айынын аягына карата Кыргызстандын  карызы (ички жана тышкы) 580,3 млрд сомду түздү. Бул 2025-жылдын январындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 281,7 млн сомго аз.

Албетте, бул сумма айрым өнүккөн мамлекеттер үчүн анчейин чоң эмес айырмадай сезилиши ыктымал. Бирок төлөнгөн сумма Кыргызстандын тышкы карызы кадимкидей азайганын айгинелейт. Муну менен мамлекет тыштан карыз алганга караганда, өлкө ичинен карыз алууга басым жасап жатканын көрүүгө болот.

Карызыбыз кантип төлөнүүдө? Президент Садыр Жапаров журналисттерге берген маектеринде Кыргызстандын тышкы карызын графикке ылайык, мөөнөтүнөн кечиктирбестен төлөп жатканын дайыма баса белгилеп келет. 

«Биз азыр сырткы карыздан коркпойбуз. 2020-жылга чейин коркуп келгенибиз анык. Анткени 2020-жылы бюджетибиз 250 миллиард сомдун тегереги болчу. ИДП болсо 700 миллиарддын тегереги эле. Азыр бюджетибиз 700 миллиард сомго жетти. ИДП болсо 1,5 триллион сомдон ашты.

Тышкы карызды бир күндө төлөп коюш бизге пайдасыз экен. Себеби кредитти алып жатканда 30-40 жылга чейин 2% (пайыз) менен алыптырбыз.

Келишимдин эрежесине ылайык, эгер убагынан эрте төлөй турган болсок, анда үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп кол коюлган экен. Себеби кредит берип жаткан тарап акчасын 30-40 жылга чейин ушул вариант менен деп пландаштырып биздин өлкөгө берди да. Ошол үчүн ушул убакыттан эрте төксөк, анда 2 пайыз эмес, үстөк пайыз менен төлөйсүңөр деп турат. Башында менде деле тышкы карызды бир күндө жаап салалы деген ой болгон. Бирок бизге пайдасыз болгондон кийин өз убагында эле график менен төлөп кете берели дедим. 2035-жылга чейин негизги тышкы карызыбызды график менен эле төлөп бүтөбүз. Ошондуктан тышкы карыздарыбыз бизге көйгөй эмес»,-деп айтканы бар.

Бүгүн алтын валюта резервибиз төлөөнүн альтернативдүү жолдорун да сунуштады: ГЭСтер сыяктуу “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга алмашуу. Бул демилгени Түркия колдоп, Кыргызстандын 58,9 млн долларлык карызын кечти. Эгер бул механизмди башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар да колдонсо, Кыргызстандын карызын  жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Кыргызстан тышкы карыздан коркпой турган деңгээлге жетти дегендик бул куру популизм эмес. Бул акыркы жылдардагы туруктуу экономикалык көрсөткүчтөргө, резервдердин өсүшүнө жана бюджеттин көбөйүшүнө таянган реалдуу факт.Бирок карыз баары бир карыз. Аны туура пайдаланбасак, кайрадан ошол эле тешикке түшүп калуу тобокелчилиги бар.

Белгилей кете турган болсок, Кыргызстандын ички карызы улуттук валютада, тактап айтканда сом менен алынат. Бул карыздар негизинен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражаттар менен байланыштуу. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражаттардын эсебинен бюджеттик программалар жана инфраструктуралык долбоорлор каржыланууда.

Жалпылап айтканда мындай экономикалык көрсөткүчтөр  менен Кыргызстан кредиттик рейтингин жакшыртып, карызын тейлөө жөндөмүн арттырат, донор жана өнөктөш өлкөлөрдүн ишенимин жогорулатат.   

Төлөнгөн карыздар  

— 2022-жылы – 33,6 млрд сом

— 2023-жылы – 48,6 млрд сом- 2024-жылга пландалган – 64,7 млрд сом

— 2025-жылга – 75,1 млрд сом деп белгиленген.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>