4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салынды
Кыргызстандын жаңгагынын басымдуу бөлүгү Орусияга экспорттолот
25.11.2021 | 09:43
Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстандан 6 миң 810,8 тонна кабыгы тазаланбаган жана 781,9 тонна кабыгынан алынган жаңгак экспорттолуп, жалпы суммасы 211 миллион 548 миң сомду түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалым болгондой, жаңгактын көбү Орусияга – жалпы суммасы 167 млн 247,1 миң сомдук 6 миң 388 тонна кабыгы тазаланбаган жана 662,4 тонна жаңгак экспорттолгон. Жаңгакты экспорттоо боюнча Грузия экинчи орунда турат. Жалпы суммасы 19 млн 788,6 миң сомдук 5 миң 334,5 миң тонна кабыгы тазаланбаган жана 14 миң 454,1 тонна жаңгак жеткирилди. Үчүнчү орунда Түркия турат. Бул мамлекетке 12 миллион 693,9 миң сомдук 168 тонна кабыгы тазаланбаган жана 40 тонна жаңгак жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика