Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Кыргызстандын желегин Эверестке илген алгачкы аял — Асел Байбагышева Бишкекке келди
17.05.2025 | 12:46
Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунда Эверестти багынткан алгачкы кыргызстандык аял альпинист Асел Байбагышеваны салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирди.
8 848 метр бийиктикти багынтуу менен Асел Байбагышева Кыргызстандын тарыхында жазылып калды. Бул жеңиш жеке жетишкендик катары гана эмес, бүт өлкө үчүн да чоң сыймык катары бааланды.
Маалыматта белгиленгендей, анын кайраттуулугу жана эрки көптөргө шыктандыруу берип, чоң максаттарга ишеним менен умтулуу керектигин эскертери айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар