Кыргызстандын ЖОЖдоруна бүгүнкү күнгө карата 27,5 миң абитуриент кабыл алынды

11.08.2025 | 15:15

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кабыл алуу өнөктүгүнүн төрт айлампасынын жыйынтыгында 27,5 миңден ашуун талапкер студенттик орунга ээ болду. Бул тууралуу «Абитуриент онлайн» порталындагы ачык маалыматтарда белгиленет.

Маалыматка ылайык, автоматташтырылган система аркылуу бюджеттик бөлүмдөргө 6,6 миң, контракттык бөлүмдөргө 21 миңге жакын адам кабыл алынган. Абитуриенттердин басымдуу бөлүгү күндүзгү окууну тандаса, 1,2 миңи сырттан окууга өтүштү.

Талапкерлер көбүнчө гуманитардык илимдерди, билим берүү, медицина, IT, экономика жана каржы, укук, архитектура жана курулуш багыттарын тандаган.

Төрт турга катышуу үчүн жалпы 61,3 миң талон катталып, алардын 40,5 миңи контрактка, 20,8 миңи бюджетке арналган. ЖОЖдор 43 миңге жакын талапкерди кабыл алууга даяр экенин билдиришкен.

Быйыл жогорку окуу жайларына кадрларды даярдоо үчүн 10 миң билим берүү гранты бөлүнгөн. Кабыл алуу өнөктүгү беш тур менен аяктайт.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top