Кыргызстанга 20 млн сомдук буюмдарды мыйзамсыз ташып келаткандар кармалды (видео)

Кыргызстанга 20 млн сомдук буюмдарды мыйзамсыз ташып келаткандар кармалды (видео)

УКМК тарабынан Чек ара кызматы менен биргеликте Талас облусунун аймагында өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстандын аймагына милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз түрдө товардык-материалдык баалуулуктарды алып келүү аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Тактап айтканда, 31-майда “Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда А.К.А., С.к.Ж., С.К.А.лардын башкаруусундагы «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаалар кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган унаалардын ичинен тиешелүү документтери жок 20 миллион сомдон ашык суммадагы текстиль буюмдары жана башка материалдык буюмдар табылды.

Учурда бул факты боюнча аталган мыйзамсыз жосундун шериктерин жана милдеттүү салыктарды, башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>