Казакстан менен чек арада бир миллион сомдон ашык суммадагы дары-дармектерди мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуЖалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштар
Видео: Кыргызстанга 200 миң доллар жеткирүүнү көздөгөн жаран кармалды
17.10.2022 | 09:58
Өзбекстандын Наманган шаарында жергиликтүү тургун Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө 200 миң доллар алып кирүүгө аракет кылды, деп билдирди өзбекстандык УзА маалымат кызматы.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери Намаган-Нанай жолунда шектүү айдап бара жаткан Cobalt үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны текшергенде 200 миң доллар табышкан.
«Аталган жаран учурда өздүгү такталып жаткан белгисиз адамдар менен сүйлөшүп алып, бул ири сумманы мыйзамсыз түрдө Кыргызстанга которууга аракет кылган», — деп жазат ЖМК.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар