Кыргызстанда МТЗ тракторлорун чыгаруучу завод куруу пландалуудаБазар-Коргон районунда сугат скважинасы ишке берилдиАбактагы Кунакуновго Ала-Арчада каза болгон уулунун тажыясына барууга уруксат берилдиУКМК Нарын районунда 1346 гектар катталбаган жерди аныктадыБШК президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо тартибин түшүндүрдүӨкмөт башчы кыргызстандыктарды Жаштар күнү менен куттуктады
Оор атлетчи Расулбеков Азия чемпионатында күмүш медаль утту
17.10.2022 | 09:33
Кыргызстандык спортчу Бекдөөлөт Расулбеко 8-16-октябрь күндөрү Манамада (Бахрейн) өткөн оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорттун эл аралык федерациясы Instagram баракчасында билдирди.
Ал 109 килограммга чейинки салмакта (жалпы салмагы – 389 килограмм) экинчи болду. Алтын медалды Ирандын спортчусу (397 килограмм) алды. Жулкуп көтөрүүдө Кыргызстандын спортчусу да экинчи болду.
Буга чейин дагы бир кыргызстандык Эмил Молдодосов эки дисциплинанын жыйынтыгында Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар