Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кыргызстанга сасык тумоого каршы Гриппол плюс вакцинасы келди
08.10.2021 | 16:45
Орусиянын сасык тумоого каршы Гриппол плюс вакцинасынын 14 миң 685 дозасы алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору алгач төмөнкү топтогу жарандарга эмдөө жүргүзөт:
– балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына;
– тез-тез ооруп жүргөн балдарга;
– карылар жана майыптар үйлөрүндөгү жарандарга;
– “Тез жардам” бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, жандандыруу бөлүмдөрүндө, Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматында иштегендерге;
– үй-бүлөлүк дарыгерлерге;
– 65 жаштан ашкан адамдарга.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, коронавирус инфекциясына жана сасык тумоого каршы эмдөөлөрдүн аралыгы кеминде 14 күн болушу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом