Кыш чилдесинде күркөдө жашаган көп балалуу үй-бүлө аныкталды

Кыш чилдесинде күркөдө жашаган көп балалуу үй-бүлө аныкталды

Бишкектеги күркөдө жашаган балдар социалдык убактылуу жайга жеткирилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Беларусь көчөсү менен Соң-Көл көчөсүнүн кесилишинде 1969-жылы туулган Аким Кызайбаев жубайы жана 4 жашы жете элек баласы менен күркөдө жашаган. Ал жерде балдарды тарбиялоо менен катар эле багууга эч кандай шарт жок.

ӨКМдин адаттан тыш суук болот деген эскертүүсүнөн кийин жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында 2023-жылдын 11-январында  Октябрь РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте саат 18:00дө балдарды алып кетүү үчүн жөнөп кетишкен. Бирок, кармоо учурунда жаран Кызайбаев А.М каршылык көрсөтүп, райондук милицияга жеткирилген.

Апасы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, SOS Балдар айылынын базасында балдары бар аялдардын убактылуу жашоочу кризистик борборунда балдар менен убактылуу жашоо сунушталды. Андан соң балалуу аялдардын кризистик убактылуу борборуна жеткирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: күркө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>