Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Кытай-Казак ортосунда визалык режим алынды
17.05.2023 | 22:03
Кытайда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бир катар документтерге кол коюшканын Акорданын басма сөз кызматы билдирди .
«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпин Казак өкмөтү менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары 22 биргелешкен макулдашууга кол коюлган. Анда чек арадан товар алып өтүүдөгү жеңилдиктерден тарта, ЖОЖдор ортосундагы кызматташууга чейин бар.
Эске салсак, 17-майда Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпин сүйлөшүү өткөргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар