18-майга карата аба ырайы

18-майга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абаддын айрым жерлеринде кар жаашы, ал эми  Баткен облусунда жаан-чачын жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас, Жалал-Абад, Талас, Жалал-Абад Абад, Ысык-Көл райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +18…+23

Талас облусу

түнкүсүн +9…+14

күндүз +18…+23

Баткен облусу

түнкүсүн +11…+16

күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +11…+16

күндүз +20…+25

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +8…+13

күндүз +17…+22

Нарын облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +19…+24

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 13…15, күндүзгү жогорку температурасы 20…22° болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>