Жалал-Абад: Милиция өспүрүмдөр ортосунда кылмышка кайдыгер эмес

Жалал-Абад: Милиция өспүрүмдөр ортосунда кылмышка кайдыгер эмес

Жалал-Абаддагы өспүрүмдөргө байланыштуу 2 күндүк жыйын жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-майда Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электердин иши боюнча  аймактык тескөөчүлөрү жана баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча  ыкчам өкүлдөрү, мэрия, билим берүү, үй-бүлөөнү  колдоо балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте «Ата-эне өз балаӊа көӊүл бур! Аптекалык наркоманияга жол жок!» аталыштагы 2 күндүк иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгү орун алды. Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияга 400гө чукул мугалимдер жана ата-энелер келишип, милиция тарабынан даярдалган коомдогу оӊ жана терс көрүнүштөр камтылган виедороликтер көрсөтүлдү.

Иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын орун басары Нурбек Сыдыков, Жалал Абад ШИИБдин башчысы Болот Арзыгулов, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев катышты.

Нурбек Сыдыков мугалимдерди жана ата-энелерди жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда биргелишип иштөөгө чакырды. Ошондой эле алдыда келе жаткан акыркы коңгуроо майрамында окуучуларды жаратылышка чыгарбай, тартипти сактап, мыйзам чегинен чыкпоо зарылдыгын айтты.

Уюштуруучулар тарабынан балдардын жүрүм-турумун көзөмөлгө алуу, ар кандай аптекалык химиялык заттарды колдонуп кылмышка кабылууга жол бербөө жана интернет тармактарында эмне кылып жаткандыгына байкоо жүргүзүү керектиги эскертилди.

Соӊунда ата-энелер тарабынан уюштуруучуларга ыраазычылык айтылып, милиция кылмыштуулуктун алдын алууда чоӊ эмгек жасап жаткандыгы белгиленди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>