Кытайда башына касапчынын бычагы сайылган киши ооруканага өзү келди — сүрөт

Кытайда башына касапчынын бычагы сайылган киши ооруканага өзү келди — сүрөт

Daily Mail басылмасынын маалыматына караганда Кытайдын Хубэй аймагындагы Сяньнин шаарынын тургуну башына сайылган касапчынын чоң бычагы менен ооруканага өзү келген. 

Ал адам мушташ учурунда жаракат алганын, анын каршылашы жаңжал учурунда чоң бычак менен чекесине чаап жибергенин айткан. 

Курч бычак жабырлануучунун баш сөөгүнө сайылып туруп калган. Бирок мындай оор жаракатка карабастан, ал өз алдынча ооруканага жетип келе алган. 

Ошондой эле маалыматта бычакты операция жолу менен дарыгерлер сууруп алышканы, учурда бейтаптын абалы туруктуу экени айтылат.

Бул окуя боюнча жергиликтүү полиция иликтөө иштерин баштаган.

[su_image_carousel source=»media: 31541″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>