Кытайдын темир жол долбоору Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн түп-тамырынан бери кеңейтүүдө

Кытайдын темир жол долбоору Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн түп-тамырынан бери кеңейтүүдө

Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү, көп жагынан алдыда турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан (ККӨ) темир жолунун курулушунун аркасында олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. Бул «кылым долбоору» өлкөнүн Борбордук Азия менен КЭРдин ортосундагы стратегиялык транзиттик мамлекет катары калыптануусуна, ошондой эле дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Европа Биримдигинин рынокторун кошкондо, интеграциялануусуна жол ачууда. Мындай пикирин «Reporter.kg» агенттигине берген маегинде экономика илимдеринин доктору, саясат таануучу Ялкун Даутов билдирди.

Эксперттин айтымында, Кыргызстан логистика, гидроэнергетика жана транзиттик ташуулар чөйрөлөрүндө өзүнүн потенциалын активдүү түрдө арттырууда. «Эгер акыркы үч айдын жыйынтыгын ала турган болсок, анда биз ишенимдүү түрдө айта алабыз, Казакстан, Кытай Эл Республикасы менен чек арада логистикалык борборлордун ачылышы бизге жакшы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү берет. Албетте, негизги транзиттик жол – бул Кытай аркылуу Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө өтөт, ал эми Азиянын борборунда Кыргызстан жайгашкан», – деп белгиледи Ялкун Даутов.

Ал ошондой эле өлкө жетекчилиги Кыргызстандын транзиттик потенциалды өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого жана эл аралык рынокторго чыгууну камсыз кылууга умтулуусу жөнүндө бир нече жолу билдиргенин баса белгиледи.

«Темир жолдун курулушу бизге бүгүнкү күндө эле ушундай келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү берет. Биз көрүп жатабыз, санариптик технологияларды киргизүүнүн алкагында бизде транспорттук-логистикалык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо процесси жүрүп жатат, бул келечекте ички жана эл аралык жүктөрдү ташуу процесстерин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет», – деп жыйынтыктады эксперт.

Бакыт Кулчуманов, Reporter.kg үчүн атайын

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>