Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда соода активдүү өсүүдө
13.08.2025 | 14:38

Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара соодасынын көлөмү 2024-жылы 66,2 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 2,8 эсеге көп. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы маалымдады.
Маалыматка ылайык, өз ара соодада дизбаланс бар, Кытайдан Борбор Азияга импорттолгон товарлардын көлөмү эки тараптуу сооданын 60%ын түзөт.
Кытайдын аймактагы эң ири соода өнөктөштөрүнүн сап башында Казакстан турат. Өлкөлөрдүн ортосундагы сооданын көлөмү 30,1 млрд долларга жетип, жалпы сооданын 46%ын түзгөн. Экинчи орунда Өзбекстан (27%) туруп, өз ара соода 18 млрд долларга жеткен. Андан кийин Түркмөнстан (16%) турат. Бул өлкөнүн Кытай менен болгон соода жүгүртүүсү 10,6 млрд долларга жеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика