Кытай үч жашка чейинки балдар үчүн жылдык субсидия программасын ишке киргизди
Кытай өкмөтү калктын азайып бара жатканы менен күрөшүү максатында үч жашка чейинки ар бир балага жылына 3,6 миң юань (503 доллар) өлчөмүндө жардам берүүчү жалпы улуттук субсидия программасын жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул субсидияга 2022-жылдан 2024-жылга чейин төрөлгөн балдардын ата-энелери кайрыла алышат. Программа 20 миллиондон ашык үй-бүлөнү камтыйт.
Өкмөт бул кадам менен төрөттү көбөйтүү жана үй-бүлөлөрдүн керектөө чыгымдарын колдоо максатын көздөйт. Анткени Кытайда калк саны акыркы үч жыл катары менен кыскарып жатат. 2024-жылы 9,5 миллион бала төрөлүп, 10,9 миллион адам каза болгон.
Бирок адистер субсидиянын көлөмү өтө аз болгондуктан, ал жакын арада төрөлүү деңгээлине же керектөөгө чоң таасир эте албайт деген пикирде. Ошол эле маалда, бул чара келечекте үй-бүлөлөрдү комплекстүү колдоого негиз боло алат.