Абдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярданууда
Кызамыкка чалдыккан балдардын саны 2,5 миңге жакындады
06.10.2023 | 11:59
Октябрь айына карата Кыргызстанда кызамыктын 2 миң 469 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Маалыматка караганда, учурда кызамыкка каршы эмдөөнүн алкагында 440 миң бала, же максаттуу топтун 76 пайызы вакцина алды. Буга чейин чейин кызамык жана кызылча оорусу менен ооруганына карабастан 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар эмделди.
Ден соолукту чыңдоо борбору кызамык күч алганына байланыштуу эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Аны бейтапканалардан жана мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги убактылуу эмдөө пункттарынан акысыз алууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом