ИИМ: Бишкекте сатып алган маңзатын алганы келген жигит милициянын колуна түштү

ИИМ: Бишкекте сатып алган маңзатын алганы келген жигит милициянын колуна түштү

Бишкекте баңгизат сатууга жана сатып алууга шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-октябрда болжол менен саат 22:20да шаардагы имараттардын бирин кайтарып жаткан ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкери айлана-тегерекке кайгуул жүргүзүп жаткан. Ошол маалда имараттын жанына (түштүк тарабына) такси келип, анын ичинен 20-25 жаштагы жигит түшкөн. Ал жөө адамдар баскан жолдун жээгинде өскөн чөпкө келип, телефондун жарыгын күйгүзүп, бир нерсе издей баштаган. Жаш жигиттин аракеттери шек жараткандыктан, милиция кызматкери анын жанына басып келип, аталган жаран жерден жашыл-көк түстөгү белгисиз зат салынган желим баштыкчаны алганын көргөн. Милиция кызматкери аны кармап, полктун нөөмөт бөлүмүнө билдирген.

Көп өтпөй окуя жерине кармоо тобу келген. Милиция кызматкерлери шектүү жаранды кармап турган учурда алардын жанына дагы бир 20-25 жаштагы жигит келип, кармалган адам таанышы боло турганын айтып, «эмне үчүн кармадыңар?» деп сураган. Милиция анын таанышы шектүү катары кармалганын айтканда, «мен эч нерсе билбейм, жөн эле таанышымын» деген. Жыйынтыгында ал экөө тең шектүү катары кармалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, баңгизат менен кармалган адам сатып алуучу болгон. Ал маңзатты «Телеграм» аркылуу 1,5 миң сомго чегип көрүү үчүн сатып алганын билдирген. Ал эми милиция кызматкерлеринин жанына келип колго түшкөн жигит баңгизат сатып, катып кеткен адам болгон.

Кармалгандар Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>