Кыздарды күч менен тарбиялайбыз дегендер боюнча териштирүү башталды

Кыздарды күч менен тарбиялайбыз дегендер боюнча териштирүү башталды

Орусияда башка улуттагы жигиттер менен жүргөн кыргыз кыздарын күч колдонуп тарбиялоого чакырган видео боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү териштирүү баштады. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирет.

“Эгерде укукка жат иштер аныкталган болсо, келген өлкөнүн мыйзамдарына ылайык Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт. Андан сырткары,  жакында  ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү кыргыз диаспорасы менен жолугуп,  мекендештердин жогорудагыдай кайрылууларын токтотуу үчүн аракеттерди көрүүнү талкуулашат”,  – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Орусияда жүргөн кыргыз жигиттердин кыздарды күч колдонуп тарбиялоо боюнча кайрылуусу интернетте талкууга түштү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>