Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Күздөн тартып мектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилет
08.06.2022 | 21:59
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Конституция ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин жана диний ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салууну киргизет.
7-8-9-класстарга үчүн жаңы сабак кирет.
Ошондой эле окутуу методикасы заман болууга тийиш экени көрсөтүлүп, тиешелүү министрликтерге тапшырма берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар