Сентябрдан тарта ЕАЭБден ташылып келген айрым товарларга байкоо жүргүзүү системасы ишке киретСадыр Жапаров менен Си Цзиньпин «Ынтымак Ордодо» сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдөДКӨ, 2,5 млн турист жана жолдор: облус жетекчиси Ысык-Көлдөгү абал тууралууВьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан Кыргызстанга иш сапары менен келдиИндиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга келди«Мадинадагы» өрт: бийлик чыгымды баалап, ишкерлерге кенемте төлөп берет
Күздөн тартып мектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети киргизилет
08.06.2022 | 21:59
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Конституция ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин жана диний ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салууну киргизет.
7-8-9-класстарга үчүн жаңы сабак кирет.
Ошондой эле окутуу методикасы заман болууга тийиш экени көрсөтүлүп, тиешелүү министрликтерге тапшырма берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар