Кызыл-Аскерде подъездге кирип, эшиктерди карап жүргөн эркек кармалды

17.10.2025 | 12:03

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде белгисиз бир эркек көп кабаттуу үйдүн тепкич аянтчасында жүрүп, айлана-тегеректи карап, бир батирдин эшигинин туткасын тартып көргөнү, андан соң электр калкандарын жана килемчелерди текшерип жүргөнү тартылган видео тарады.

Колунда белгисиз бир нерсе болгон. Бул кадрлар Кызыл-Аскердеги үйлөрдүн биринин байкоо камерасына түшкөн. Тургундар Reporter.kg сайтына билдиришкендей, алар милиция чакырышкан, келген кызматкерлер эркекти кармаган — ал каршылык көрсөткөн. Алардын айтымында, ал өзүн адекватсыз алып жүрүп, баңгизаттын таасири астында болгон.


Ленин райондук ИИБсинен билдиришкендей, чакыруу боюнча барышкан милиционерлер каршылык көрсөткөн жана сөгүнгөн жаранды аныкташкан. Ал 25 жаштагы Ш.Х. экени такталып, ага Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Scroll to Top