Кызыл-Кыяда турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Кызыл-Кыяда турак үйдөн чыккан өрт бир адамдын өмүрүн алды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында турак үй өрттөнүп бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын Солнышка көчөсүндөгү турак үйдүн 20 чарчы метрлик ашканасы жана уктоочу бөлмөсү күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1953-жылы туулган аял киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>