Кызыл-Кыяда тургундун 460 миң сомун карактап кеткендер колго түштү

Кызыл-Кыяда тургундун 460 миң сомун карактап кеткендер колго түштү

Кызыл-Кыя шаарында 51 жаштагы тургундун 460 миң сомун карактап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

7-январь күнү саат 19.00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын  Ударник көчөсүнүн 51 жаштагы тургуну өзүнүн  ‘’Матиз 2’’ үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнө келип, дарбазасын ачып жаткан учурда, беткапчан үч бала унаасынын арткы терезесин сындырып, кара түстөгү сумкасын жана ичиндеги 460000сом акчасын алып качып кетишкен.

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан  сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө он жолу сот жообуна тартылган Талас шаарынын 37 жаштагы тургуну жана эки жолу сот жообуна тартылган Кадамжай районунун 22 жаштагы тургуну кармалган.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

[su_image_carousel source=»media: 20885,20886″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>