Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жаздыТрамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атады
Кызыл-Кыянын милиция башчысы Ооган согушунун ардагеринен кабар алды
15.02.2024 | 12:58
Баткенде Кызыл-Кыя шаардык милициясынын башчысы Мирбек Толтоев Ооган согушунун ардагери Акбарали Айдаровдон кабар алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Акбарали Айдаров Ооган согушуна 19 жашында кетип, Кабул шаарында 3 жыл кан кечип кызмат өтөп, 1983-жылы мекенине кайтып келген. Кийин Кызыл-Кыя шаардык милициясында кызмат өтөгөн. Айдаров президенттин “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” медалы жана ИИМдин сыйлыктарына татыган. Учурда 62 жашта.
“Мирбек Толтоев Ооган согушунун ардагерлеринин эмгегин эске алып, Акбарали Айдаровго бекем ден соолук каалап, өздүк курам атынан жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылыктарын билдирип, белектерин жана суусундуктарды тапшырды”, – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом