Депутат Кокулов: 3 жашар кыздын өлүмү туура эмес тергелип жатат (видео)

Депутат Кокулов: 3 жашар кыздын өлүмү туура эмес тергелип жатат (видео)

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов былтыр тишин дарылоо учурунда каза болгон 3 жашар кыздын иши боюнча тергөө туура эмес жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда медициналык мекемелерде бир адам каза болгондо, ал окуя катуу резонанс жаратып, андан кийин иш жабыла баштайт.

«Кыз чарчап калгандан кийин аны аябай кыйнашкан. Колунда катетери, көкүрөгүндө күйүгү бар. Бул иш туура эмес каралып жатат. Мен аны билем. Аны баары билет. Бирок ошондон такыр эле арыла албай койдук: бири-бирибизге тааныш, дос болуп чыгып, баягы эле коррупция. Качан бир иш аягына чейин каралат.

Ишти окуп жатканда, соттук-медициналык эксперттердин ойногонуна, тергөө иштеринин ойногонуна таң каласың. Ыраттуу иши жок. Ага ким жоопкерчилик тартат. Тишин дарылаган медициналык мекеменин лицензиясы жок болгон. Каза болгон кызды өздөрү реанимация кылууга аракет кылган. Бирок реанимациясы жок болгон. Анысы аз келгенсип, тиш доктурлар каза болгон кызды апасына таштап, качып кетишкен. Эң кызыгы, биринчи соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен экинчиси эки бөлөк чыгып жатыптыр. Бирөөсүндө кетонал же аналгинби, бир дары колдонулган деп, экинчисинде таптаза болуп чыгып жатыптыр. Андай болбойт. Канга бир дары кошулгандан кийин, ал дары канда калат. Дары колдонбосо, эмнеге кыздын колунда катетер турат. Катетерди дары берүү үчүн колдонот да», — деди ал.

Сөзүн улай Эрулан Кокулов иликтөө иштерин, тергөө амалдарын дыкат жүргөзгөн, жоопкерчиликтүү адамдар качан чыгат деген суроо салды.

Эскерте кетсек, аталган окуя 2023-жылы 18-декабрда болгон. 3 жаштагы кыз тишин тазалоо учурунда каза болуп калган. Дарылоону «Дентомакс» клиникасынын кызматкерлери Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунда жасаган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 31 жаштагы Т.А. аттуу аял кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>