Кызды зордоп никеге туруу үчүн ала качкан деп шектелген 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаардык милициясына 20 жаштагы Д.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ал 2025-жылдын 29-мартында Т.А. аттуу жигит аны уурдап, өз үйүндө кармаганын, аны коркутуп, күч менен никеге турууга мажбурлоого аракет кылганын билдирген.
Аталган факты каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси «Никеге мажбурлоо» боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөчүлөр аныктагандай, Д.А. жана Т.А. мурда мамиледе болгон. 29-мартка караган түнү саат бирлер чамасында жигит кызды алдап унаага салып, ээн жерге алып барып, колу-бутун скотч менен байлап, турмушка чыгууга макулдук берүүсүн талап кыла баштаган. Анан аны үйүнө алып барып батареяга байлап койгон.
Ал эми Т.А. уктап жатканда, кыз өзүн бошотуп алган. Ал милицияга кайрылган, милиция кызматкерлери шектүүнүн жашаган жерине барышкан. Бирок Т.А., милициянын унаасын байкап, кызматкерлердин бирин сүзүп, изин жашырып кеткен.
Кийинчерээк, 4-апрелде ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн Бишкек шаарында жүргөн жери аныкталган. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз