Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагериндеги 2 адамдын өлүмүнө шектелип жаткан Сергей Смирновго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу Репортер агенттигине облустук милициядан билдиришти.
“Шектүү ошол аймакты жакшы билгендиктен анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктай алган эмеспиз. 3 айдан бери ага карта жүргүзүлүп жаткан издөө иштеринен майнап чыкпай, эл аралык издөөгө алынды”, — деди облустук милициянын өкүлү.
Белгилей кетсек, Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарланган. Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.