Жээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутат
Легендарлуу сумочу Хакухо Сё Көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болду
03.10.2025 | 21:13

Сумо боюнча жапон балбаны, эң жогорку даражадагы ёкодзуна Хакухо Сё VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды.
Өкмөттөн кабарлангандай, спортчу Кыргызстанга сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушту. Хакухо Сё оюндардын баалуулуктарын дүйнөгө жайылтууга, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик конокторду чакырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, ёкодзуна — сумо күрөшүндөгү эң жогорку даража.