Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги ИКАО текшерүүсүн эскертүүсүз өттүКыргызстандагы чет элдик элчиликтерди камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда14-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуKyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фото көргөзмө өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталууда
Легендарлуу сумочу Хакухо Сё Көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болду
03.10.2025 | 21:13

Сумо боюнча жапон балбаны, эң жогорку даражадагы ёкодзуна Хакухо Сё VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды.
Өкмөттөн кабарлангандай, спортчу Кыргызстанга сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушту. Хакухо Сё оюндардын баалуулуктарын дүйнөгө жайылтууга, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет элдик конокторду чакырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Белгилей кетсек, ёкодзуна — сумо күрөшүндөгү эң жогорку даража.