Улуттук госпиталда бөйрөктү акысыз алмаштыруу боюнча операция жасалдыБүгүн Албаниядагы рейтингдик турнирде Кыргызстандан беш балбан күч сынашат27-февралга карата аба ырайы11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
Лейлекте 53 млн сомго спорт комплекс курулат
23.03.2025 | 11:10
Баткен облусунун Лейлек районунун Арка Жаңы-Жер айылында жаңы спорт комплексин куруу пландалууда. Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.
Долбоор тендердик табыштамаларды стандарттык баалоо аркылуу эки пакеттик ыкма менен ачык мамлекеттик сатып алуулар аркылуу ишке ашырылууда.
Долбоорду ишке ашырууга 53 миллион 98 миң сом бөлүнгөн. Ишти аяктоо мөөнөтү тендердин жеңүүчүсү менен түзүлгөн келишимге ылайык аныкталат.
Арыздар 2025-жылдын 4-апрелинде саат 17:57ге чейин кабыл алынат. Камсыздоо депозити сунуштун суммасынын 2% түзөт жана 65 күн бою жарактуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар