ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Лейлектен Тажикстанга мал алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
28.03.2024 | 15:35
Кыргыз-тажик чек арасында 14 баш ири мүйүздүү мал кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Аны кыргыз жараны Тажикстанга сатуу үчүн Лейлек районунун Сарай жергеси аркылуу алып өтмөкчү болгон. Малдын жалпы баасы болжол менен 2 миллион 600 миң сомду түздү.
Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасы жабык. Бирок ага карабай аткезчилик жолу менен ар кандай товарлар өтүп жатканы кабарланып келет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар