Кыргызстанда кайрадан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү сунушталуудаКайрат Турсункулов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалдыНарындагы фермерлер үчүн эт багытында төө багуу жаңы бизнеске айландыБаткенде 143 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуудаКыргызстанга инвестиция: Түркия негизги инвесторлордун арасында үчүнчү орунга чыктыМаданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү
Ленин райондук ИИБнин башчысы кошунасын мылтык менен коркуткан жаранды кармады
04.11.2025 | 11:21
30-октябрда милицияга Ленин районунун бир көчөсүндө эркек киши кошунасын мылтык менен коркутуп, бир нече жолу ок чыгарганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин РИИБнин башчысы Азамат Байгазиев, спецназ кызматкерлери жана ыкчам тергөө тобу барышкан. Шектүү үйүнө кирип кетип, андан ары милиция кызматкерлерине мылтык менен коркутууну уланткан.
Байгазиев спецназ кызматкерлеринин катышуусунда эркек менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны кармаган. Кармалган киши — 51 жаштагы Д.Н. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Окуя болгон жерден мылтык, пневматикалык курал жана эки гильза алынган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча иш козголду.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар