Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кесип ээлерине кол салгандар 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн
04.11.2025 | 11:10
Кыргызстанда кесиптик ишин аткарып жаткан адамдарга кол салгандарга карата жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду.
Эми кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу жеңил жаракат келтирген адамга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салынат.
Бул мыйзам 25-сентябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жана кызматтык же коомдук милдетин аткарып жаткан адамдарды укуктук жактан коргоону күчөтүүгө багытталган.
Мындан тышкары, мындай адамдарга карата бейбаштык (хулигандык) жасалса, 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул же 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом