Лицензиялык мелдеш: Сейитбек уулу жарым финалда жеңилди, бирок жолдомо алууга сонку мүмкүндүгү бар

Лицензиялык мелдеш: Сейитбек уулу жарым финалда жеңилди, бирок жолдомо алууга сонку мүмкүндүгү бар

Бүгүн, 2-июнда кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк лицензиялык мелдеште Олимпиаданын жолдомосу үчүн беттеш өткөрөт.

Сейитбек уулу 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал катары менен 4 атаандашын жеңип, жарым финалга чейин жеткен. Мелдештин жобосуна ылайык, ал финалга өтсө, Олимпиадага дароо жолдомо алмак.

Бирок 31-майда өткөн жарым финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу украиналык Айдер Абдураимовдон жеңилди.

Ошол эле учурда Сейитбек уулунун Олимпиада оюндарына лицензия алууга дагы деле мүмкүнчүлүгү бар. Аталган мелдеште 57 кг салмакта үч спортчуга лицензия берилет. Эки жолдомону финалга чыккан мушкерлер алат. Үчүнчү лицензия үчүн жарым финалда жеңилүү ызасын тарткан эки спортчу беттеш өткөрөт.

Эми Мунарбек Сейитбек уулу жолдомо үчүн индиялык Сачин Сачин менен кез келет.

Мелдеш Таиландда өтүүдө. Бул турнирде Париждеги Олимпиада оюндарына соңку жолдомолор ойнотулууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>