«Лимонтини» өлтүргөн жаран 2 айга камакка алынды

«Лимонтини» өлтүргөн жаран 2 айга камакка алынды

«Лимонти» деген каймана ат менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүргөн жаран эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маркумдун өлүмүнө шектүү катары кармалган 25 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран 28-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Белгилей кетсек,  Алмаз Сулайманов 28-март күнү саат 13:15 чамасында Нарын шаарынын борборунда өлтүрүлгөн.

Айрым басылмалар “Лимонтини”  Имаш аттуу адамдын баласы өлтүргөнүн жазды.  Имашты болсо “Лимонти” өлтүргөн деген кептер айтылып келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>