Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Лионель Месси дүйнөдөгү эң көп маяна алган спортчу болду
13.05.2022 | 12:26
Белгилүү Forbes каржы журналы дүйнөдөгү эң көп айлык алган спортчулардын рейтингин жарыялады.
Пари Сен-Жермендин чабуулчусу Лионель Месси 130 миллион долларга бааланган таза байлыгы менен биринчи орунга чыкты, анын 75и анын айлыгынан, дагы 55и демөөрчүлүк жана жарнамалык келишимдерден түшкөн.
Экинчи орунду атактуу баскетболчу Леброн Жеймс (121,2 миллион доллар) алды.
Алдыңкы үчтүктү “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду (115 миллион доллар) түздү.
Алдыңкы 10 оюнчунун арасында бразилиялык Неймар да бар (95 миллион доллар).
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт