Кооптуу азыктар: Кыргызстанда тобокелдиктерди баалоонун жаңы эрежелери иштелип чыктыСузактык ишкер айым жеңилдетилген насыяга кампа куруп, кара өрүк экспорттойтКыргызстандын базарларында соода орду канча турат – Улутстаткомдун маалыматыКыргызстанда боор алмаштыруу операциясын мамлекеттин эсебинен каржылоо сунушталуудаТабылды Коомбаев — пастель, поэзия жана «Сезимдеги толгонуу» көргөзмөсү жөнүндөБишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камакка алынды
Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат
13.05.2022 | 12:20
Президент Садыр Жапаров 16-майда Москва шаарында өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекеттердин саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Буга чейин ТАСС Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдиргендей, саммит ЖККУнун 30 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.
Ошондой эле лилердлердин жолугушуусунда Украинадагы кырдаал боюнча дагы маселе каралмакчы.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат