Литвалык композитор Фаустас Латенас көз жумду

Литвалык композитор Фаустас Латенас көз жумду

Кечээ, 3-ноябрда кечинде Литвалык белгилүү театр жана кино композитору Фаустас Латенас 65 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Вахтангов театрынын маалымат кызматы билдиргенин жазды.

Латенас Литвадагы жана Орусиядагы көптөгөн кинолордун жана театрлардагы спектаклдердин музыкасынын автору.

«Кечээ Литвадан оор кабар келди. Фаустас Латенас көз жумду. Ишенүү мүмкүн эмес … Кудайдан чыккан композитор, Римас Туминас менен Эймунтас Някросюстун спектаклдеринин толук автору. Анын музыкасы Вахтангов спектаклдеринин басымдуу өзгөчөлүгү болуп калды. Жакында эле ал театрга «Улуу Ромул» пьесасы үчүн бир катар жаңы темаларды тартуулаган. Фаустас театрдын каметону болчу. Ал укмуштай сезимтал жана жөнөкөй адам болгон», — деп жазды басылма.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>