Лондондо Кыргызстандын жаратылышы даңазаланат

Лондондо Кыргызстандын жаратылышы даңазаланат

Лондондогу (Улуу Британия) World Travel Market көргөзмөсүндө Кыргызстандын жаратылышын даңазалаган павильон ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Аталган Эл аралык көргөзмөгө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду үчүнчү ирет катышууда. Фонддун негизги максаты – Кыргызстанга дүйнө жүзүнөн келген туристтердин санын көбөйтүү, инвестицияны туристтик объектилерге тартуу, туристтерге жакшы шарттарды түзүү жана Кыргызстандын туристтик операторлоруна салык, инвестициялык шарттарды түзүп берүү болуп саналат.

«Буга чейин мындай көргөзмөлөргө Кыргызстандагы жеке менчик туристтик операторлор өз алдынча катышып келсе, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ачылгандан бери бул сыяктуу көргөзмөлөргө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Бул жеке менчик туристтик операторлорду кубандырууда. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте иш-чарага Кыргызстандан алты туристтик оператор катышууда. Борбор Азия мамлекеттерине салыштырмалуу, Кыргызстандын көргөзмөсү мамлекеттик желектин түсүнө кооздолуп, Кыргызстандын расмий аты колдонулуп өзгөчөлөнүп турат», — деп билдирет фонд.

Эл аралык иш-чарага катышууга Кыргызстандын Лондондогу элчиси Улан Жусупов, Кыргызстандын консулу Баатыр Кадыркулов колдоо көрсөтүшкөн.

Белгилей кетсек, Европа континентинде эр аралык деңгээлде белгилүү, дүйнө жүзүнөн келип катышкан көргөзмөлөр биринчи Лондондо, ал эми экинчиси Берлинде болот. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Берлиндеги көргөзмөгө март айында катышат. Иш-чаранын алкагында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду эл аралык, чет өлкөлүк туроператорлорду маалыматтык семинарга чакырды. Семинарда өлкөнүн туризм сектору боюнча видеоролик, презентация көргөзүлмөкчү. Семинардын негизги максаты – эл аралык туроператорлор менен биргеликте меморандум түзүү жана туроператорлор менен кызматташууга шарт түзүү.

Семинарды Кыргызстандын Лондондогу элчиси Улан Жусупов, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева ачып берет. Көргөзмөдө сүрөтчү Самат Ишенбековдун калемине таандык сүрөттөр көргөзүлмөкчү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: туризм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>