КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Садыр Жапаров Өзбекстанга барат
08.11.2022 | 11:57
Президент Садыр Жапаров бул аптада Өзбекстанга иш сапары менен барат.
Жапаров 11-ноябрда Самаркандда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул иш-чара аталган уюмга кирген өлкөлөрдүн башчылары үчүн Түрк кеңеши былтыр ноябрь айында Түрк мамлекеттер уюму болуп өзгөргөндөн кийин өтө турган биринчи саммит болмокчу.
Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан мүчөлүк кылат. Ал эми Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу мамлекеттер болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом