Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары өз каалоолору менен мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Мөөнөтүнөн мурда кызматтарынан бошогон судьялар төмөнкүлөр:
Кузьменко Сергей Иванович — Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы;
Жоробекова Айнагүл Мамаюнусовна — Нарын шаардык сотунун судьясы;
Кадырова Адинахан Сулеймановна — Ош шаардык сотунун судьясы.