Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулду

Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулду

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алар эмне үчүн кызматынан четтетилгенин билбей турганын, бул мекеменин ичиндеги иштерге байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми министрдин калган жардамчылары кызмат ордундарында калышкан.

Белгилей кетсек, 12-февралда премьер-министр Улукбек Марипов жаңы өкмөттүн курамын өзгөртүү киргизген. Натыйжада Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги пайда болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>