Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Фамилиялары
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аталган ведомствонун борбордук аппаратында кадрдык өзгөрүүлөр болгонун билдирди.
Жаңыланган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилер тизмеси:
– Искусствону өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги – Мамбетмусаева Салтанат Азисовна
– Билим берүү мекемелеринин ишин координациялоо бөлүмүнүн башчысы – Курамаева Айдай Кенжебековна
– Маданиятты өнүктүрүү жана саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги – Жолдошов Чынарбек Маматович
– Маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн башчысы – Самыйбекова Айжан Самыйбековна
– Материалдык-техникалык базаны жана инфратүзүмдү жакшыртуу секторунун башчысы – Жээналиев Азамат Кошулбекович
– Маалыматтык саясатты жүргүзүү башкармалыгынын начальниги – Сарногоева Салкын Сатаровна
– Лицензиялык контролдоо жана анык эмес (жалган) маалыматтарга даттануу бөлүмүнүн башчысы – Ибрагимов Бектур Берикович
– Эл аралык мамилелер башкармалыгынын башчысы – Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович
– Пландоо жана каржылоо башкармалыгынын начальниги – Жолдошев Нурлан Касымович
– Укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы – Кулуев Кайнарбек Кожогелдиевич
– Стратегиялык пландоо жана санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы – Асанбаева Айнура Абдыкалыевна
– Этностор аралык мамиле бөлүмүнүн башчысы – Эшимбеков Искендер Жекшенбаевич
– Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы – Шайкидинов Аскар Токторбекович
– Уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы – Бакеев Ринат Аскарбекович
– Басма сөз кызматы бөлүмүнүн башчысы – Мадиева Эльмира Жумагуловна
– Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы – Өмүрбек кызы Венера
– Документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо бөлүмүнүн башчысы – Букуева Мерида Сагыновна
– Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу – Ажибаев Фархат Бурканович.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз