Маданият министрлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү
26-январда Маданият министрлигинде министр Мирбек Мамбеталиевдин төрагалыгы алдында үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына пландалган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Иш-чарага министрдин орун басарлары, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Казыбек Молдажиев, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, башкы режиссер Алтынбек Максутов, ошондой эле тармактык мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери катышты.
Жыйында уюштуруу жаатындагы негизги маселелер каралды: иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар талкууланып, оюндардын форматы бекитилди жана даярдык иштеринин учурдагы жүрүшүнө баа берилди.