2023-жылы Маданият министрлигинин тармактарына мамлекет тарабынан кошумча колдоого 7 306 745 800 ( жети млрд үч жүз алты миллион жети жүз кырк беш миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүндү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Бул көрсөткүч акыркы 5 жылга салыштырмалуу 3 эсеге өстү.
Атап айтканда:
Маданиятка — 2 млрд 643 млн 451 миң 700 сом;
Билим берүүгө — 1 млрд 436 млн 528 миң 900 сом;
Киного — 345 млн 115 миң 600 сом;
Спортко — 1 млрд 829 млн 942 миң 900 сом;
Маалымат тармагына — 548 млн 79 миң 900 сом;
Жаштарга — 38 млн сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз