Экономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь БеляевКыргызстан менен Франция кардиология жана онкология жаатында кызматташатКыргызстандын мамлекеттик карызы 10,4 млрд долларга жетти«United Dance Weekend»: Бишкекте эл аралык бий фестивалы өтөт
Ысык-Көлдө Чехиянын 19 жаранын кар көчкү басып калып, төртөө каза болду
26.02.2024 | 18:01
Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылында Чехиянын 4 жаранын кар көчкү басып калып каза болду. Бул маалыматты Reporter.kg’ге облустук милициядан ырасташты.
Маалыматка караганда, 23-февралда Жыргалаң айылына Чехиядан 23 турист эс алууга келген. 25-февралда 19 турист айылдагы тоого лыжа тепкени чыккан. Алар тоодон түшүп келе жатканда кар көчкү түшүп, төртөөнү кар басып калып каза болгон. Калган 15 турист бири-бирине жардам берип, аман калган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом