Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз ташып кирүү схемасы аныкталды

Кыргызстанга унааларды мыйзамсыз ташып кирүү схемасы аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматы жеңил унааларды мыйзамсыз ташып кирүүнүн жөнгө салынган схемасын аныктады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө унааны курама бөлүктөргө ажыртылган түрдө ташып келүү фактылары аныкталып, алар бажы органына жүк тууралуу так эмес маалыматтар берип, «автотетиктер» түрүндөгу товар ар кайсы убакта ар кайсы жактардын атына алынып келинген. Андан ары Чүй облусунда унаа техникалык тейлөө станцияларында чогултулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде К.А.Г. аттуу жарандын башкаруусундагы 2015-жылы чыгарылган «Lexus GX 460» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул факт боюнча төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 млн 672 миң 528 сомду түздү.

Факт каттоого алынып, материалдар мыйзамдарга ылайык маңызы боюнча кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>