Камакта алынган Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун тарапташтары бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдында митинг өткөрдү.
Шаардык сотто Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун кароо боюнча апелляциялык арызы каралмак. Ага байланыштуу депутаттын тарапташтары митинг уюштуруп, Мадумаровдун камактан чыгарылышын талап кылышты.
Акцияга катышкан жарандардын бири Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өз укугун коргой албаган депутаттар элдин укугун да коргой албай тургундыгын айтып, алар таркап кетиши керектигин билдирди.
Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.
Мадумаров кармалган күнү депутат Гуля Кожомкулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.
6-сентябрда парламенттин жыйында Кожомкулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.
Ошондой эле Кожомкулова ИИМ кызматкерлери Мадумаровду кармаганда, саясатчынын 13 жаштагы уулун да кармап кетип, аны ИИМдин тергөө абагында 3 саат кармап отурганын билдирип, укук коргоо органдарынын иш-аракетин сындаган.
Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынган.
Андан кийин депутаттын жактоочулары Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз